Загрузка документа…
ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-апрели № 2
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын ишке ашыруу тууралуу
Мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындгы № 145 токтомунун негизинде иш алып баруусу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамлекеттик башкармалыгынын айрым ыйгарым укуктарын айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү келишимин карап чыгып Өзгөрүш айылдык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн башчысы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу салык кызматынын мамалекеттик башкармалыгынын айрым ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрөга | А. Атамбеков |