Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын I уюштуруу заседаниеси
2017-жылдын 10-январы № 1/2
Сары-Таш айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде мыйзамдарга.өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна каршы келбегендей Сары-Таш айылдык кеңешинин регламентин толук талкуулап,Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын регламенти кабыл алынсын.
2. Кабыл алынган регламенттин так,мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын,туруктуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчыга тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Сары-Таш айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Төрага | Б.А.Эмилов |