Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июну № III-1
Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориалдык башкармалыгынын аудит жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасы тарабынан 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы чыгарылып, аудит жыйынтыгынын негизинде Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча бир топ финансылык кемчилдиктерге жол коюлгандыгы көрсөтүлгөн. Катта жазылган кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча каражаттары максатсыз пайдаланылгандыгы, бухгалтердик дебитордук жана кредитордук эсептөөлөр туура эмес жүргүзүлгөндүгү, бухгалтердик эсептерди так жана сапаттуу жүргүзүү максатында, Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустук Эсептөө палатасынын территориалдык башкармалыгы тарабынан 2015-жылдын 1-январынан тартып 2016-жылдын 31-декабрына чейин аудит жүргүзгөн жыйынтыгы Ноокат шаардык мэриясы тарабынан аткарууга алынсын.
2. Ноокат шаар мэриясынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышында финансылык кемчилдиктерге жол бербөө, аудит көрсөткөн кемчилдиктерди жоюу менен тиешелүү беренелерге акча каражаттарды максатсыз пайдаланбоо, бухгалтердик дебитордук жана кредитордук эсептөөлөр туура жүргүзүлүшү, бухгалтердик эсептерди так жана сапаттуу жүргүзүү Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М.Абдурасуловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |