Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезексиз V чакырылышынын III сессиясынын отуруму
2017-жылдын 28-июну № III-2
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы №5392–Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара Турпак, №5565 Таштак шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексине ылайык, коомдук бирикмелерден, эмгек коллективдеринен жана шайлоочулардын жашаган жери боюнча чогулуштардын протоколдорун карап чыгып Ноокат шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндөгү кодексинин негизинде №5392–Барын, №5398-Бостон, №5399-Крупская, №5452-Кара-Турпак, №5565 Таштак шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамы бекитилсин.
(№5392–Барын, №1, №5398-Бостон, №2, №5399-Крупская, №3, №5452-Кара-Турпак №4, №5565 Таштак №5 тизмелери тиркелет.)
2. №392–Барын, №398-Бостон, №399-Крупская, №452-Кара-Турпак, №5565 Таштак шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамдарын бекитип берүү жагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.
Төрага | А.Гафаров |