ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVI-чакырылышы) кезектеги XXX-сессиясы
2015-жылдын 16-декабры № 1
Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылынын жаны конушуна маркум Сарсеитов Ашыраалынын ысымын берүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылынын жаны конушуна маркум Сарсеитов Ашыраалынын ысымын берүү жөнүндө Чаек айыл өкмөтүнүн 30.11.2015-жылдагы № 1587 сунушу боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл аймагындагы Актатыр айылынын жаны конушунун бир көчөсүн Сарсеитов Ашыраалы атындагы көчө деп берилсин.
2. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жана Актатыр айылындагы жаны конушка үйдүн номерлерин жаздырып илдирүү жагы Сарсеитов Ашыраалынын үй-бүлөөсүнө жана жакын туугандарына милдеттендирилсин
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү- мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Бөдөшбеков |