Редакцияот 08.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы

 

2017-жылдын 8-июну № 6/1

Талаа-Булак айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервинин курамы жөнүндө

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде айыл аймагында жашаган шайлоочулардын Дөң-Алыш №4160, Комсомол №4160 участкалык шайлоо комиссияларынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорун карап жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагындагы №4160 Дөң-Алыш участкалык шайлоо комиссиясынын резервине Абылгазиев Майрамбек Муратович, Асанова Рима Бердибековна , Аксамаев Азамат Билалович, Жунушалиева Малина,Садыралив Таалайбек Жолдошбекович №4161 Комсомол участкалык шайлоо комиссиясынын резервине Бапаш кызы Жазгүл, Кемелова Даркүл Абаскановна, Момуналиева Назима Тургунбековна, Ишекеев Нурлан Совхозбекович, Мурсалиев Шайлообек Мурсалиевичти көрсөтүшкөн айыл аймагында жашаган шайлоочулардын протоколдору бекитилсин.

2. Талаа-Булак айыл аймагындагы №4160 Дөң-Алыш, №4161 Комсомол участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлерди бекитип берүү жагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясына сунуш кылынсын.

 

Төрага

Р. Эсекеев