Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI-сессиясы
2017-жылдын 30-июну № 7/1
“ А.Жайнаков” атындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2016-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө
“ А.Жайнаков” атындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Б. Саламатовдун 2016-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“ А.Жайнаков” атындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2016-жыл ичинде жүргүзгөн иштеринде кемчиликтер орун алганы белгиленсин.
2. “А.Жайнаков” атындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын төрагасы Б. Саламатовдун 2016-жылда жүргүзгөн иши канаттандырарлык эмес деп табылсын.
3. “ А.Жайнаков” атындагы суу пайдалануучулар ассоциациясынын ишин уюштурууну жакшыртуу үчүн суу пайдалануучулар ассоциациясынын Кеңешин шайлоо үчүн элдик жыйын уюштурулсун.
Төрага | Р. Эсекеев |