Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 7/26
Кызыл–Кыя шаарынын Асаналиев көчөсүндөгү автоунаалардын кыймылын иретке келтирүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы Мыйзамынын 31–беренесинин 2–пунктуна негиз, шаардык кеңештин 2017–жылдын 18–майындагы №31 токтому менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын сунушун, Кызыл-Кыя шаарынын прокуратурасынын 2017–жылдын 28–апрелиндеги №8/294–12 «Ченемдик укуктук актыларды бузууну четтетүү жөнүндө» сунуш катын жана шаардык кеңештин укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери жана ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын чечимин эске алып, автотыгындарды азайтуу, автоунаалардын коопсуз жана жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жүрүшүн камсыз кылуу максатында, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2016–жылдын 4–октябрындагы «Кызыл–Кыя шаарынын Асаналиев көчөсү боюнча автотранспорттук каражаттардын кыймылын жана автостоянкаларды уюштуруу “Схематикалык планы» жөнүндө» №40/62 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» №45/80 токтому күчүнү жоготту деп табылсын.
2. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2017–жылдын 18–майындагы №31 токтому менен түзүлгөн жумушчу комиссиянын сунушу менен даярдалып, сессияда депутаттар тарабынан өзгөртүүлөр киргизилип жактырылган Асаналиев көчөсү боюнча автоунаалардын кыймылын жана автоунааларды токтотуучу жайларды (автопарковкаларды) уюштуруу схематикалык планы бекитилсин (№1 тиркеме тиркелет).
3. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин ушул токтому менен бекитилген схематикалык планга ылайык, Асаналиев көчөсү боюнча автоунаалардын кыймылын жана автоунааларды токтотуучу жайларды (автопарковкаларды) уюштуруу, тийиштүү жол белгилерин орнотуу Кызыл–Кыя шаарынын муниципалдык менчик департаментинин директору А.Эрматовго жана Кызыл–Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милиция тобунун ага инспектору Э.Сырановго милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардын 1–вице–мэри А.Гапаровго тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |