Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30 – майы № 7/27
Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин 2016-жылда аткарган иштери боюнча отчету жана 2017-жылга карата иш планы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө негиз, шаардык кеңештин 2017-жылга кабыл алынган иш планына ылайык, шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр-жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017–жылдын 28–апрелиндеги №4 чечимин жана маселени талкуулоодо депутаттар тарабынан айтылган сын-сунуштарды эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2016-жылда аткарган иштери жөнүндө ишкананын жетекчиси А. Сатыбалдиевдин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
Кызыл-Кыя шаарынын калкын таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык ишканасынын 2017-жылга карата иш планы жактырылсын.
Кызыл–Кыя шаарынын «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин жетекчилигине (А.А.Сатыбалдыевге) милдеттендирилсин:
– калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында ички суу түтүктөрүнүн жарылган жерлерин бүтөө, суу берүүчү колонкаларга вентильдерди коюу, Исфайрам жана Кулуштан водоводдорунан келүүчү суулардын дебетин жогорулатуу боюнча толук кандуу иштерди жүргүзүү жагы;
– шаардагы административдик–аймактык округдардын (АТОлордун) башчылары, кварталдык жана үй комитеттеринин төрагалары жана шаарга караштуу айылдардын айыл башчылары менен биргеликте шаар калкынын арасында ичүүчү сууну үнөмдүү пайдалануу, ичүүчү сууну жана канализацияны пайдалангандыктары үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана суу өлчөөчү эсептегичтерди орнотуу боюнча максаттуу иштерди алып баруу жагы;
ичүүчү, сугат сууну жана канализацияны пайдалануунун эрежесин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыгып, 1 айлык мөөнөттө шаардык кеңештин кароосуна сунуштоо жагы.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин ишкерлер, өнөр жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | У. Дарипова |