Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21- июну № 1
Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин курамына депутаттардан мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө
Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин курамына депутаттардан мүчөлөрдү бекитүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин курамына төмөндөгү депутаттар бекитилсин
Акматов Тынчтыкбек
Дөөтиев Максат
Орозобеков Барчынбек
Шейшеналиев Кубатбек
Мамбетов Самарбек
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы,жер, турак жай, курулуш, өнөр жай энергетика , жаратылышты коргоо көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |