Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVII-чакырылышынын) V-сессиясы
2016-жылдын 30- июну № 1
Чаек айылындагы «Шабданбек уулу Алтынбек» атындагы балдар бакчасынын ата-энелер төлөөчү төлөмдү жогорулатуу жөнүндө
Чаек айылындагы «Шабданбек уулу Алтынбек» атындагы балдар бакчасынын 28.07.2016-жылдагы № 14 кайрылуусу жана жалпы ата-энелер чогулушунун 29.03.2016-жылдагы № 2 токтомунда ата-энелер төлөөчү төлөмдү жогорулатуу боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылындагы “Шабданбек уулу Алтынбек”атындагы балдар бакчасынын ата-энелер төлөөчү (взнос) төлөм жүз сомго жогорулатылып, жалпы взнос 500 (беш жүз) сом болуп жогорулатылсын.
2. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы “Шабданбек уулу Алтынбек” атындагы балдар бакчасынын башчысы Э. Асанбековага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |