Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVII-чакырылышынын) V-сессиясы
2016-жылдын 30- июну № 2
Чаек айылындагы «Нур-Булак» балдар үйүнүн балдарга берилүүчү тамак-аштын нормасын 80 сомго жогорулатуу жөнүндө
Чаек айылындагы «Нур-Булак» балдар үйүнүн балдарга берилүүчү тамак аштын күндүк нормасын 80 (сексен) сомго жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын акыйкатчысынын Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 20.05.2016-жылдагы № 170 сандуу кайрылуу катынын жана Чаек айылдык кенешинин 21.06.2016-жылдагы убактылуу комиссиянын № 4 токтому боюнча, Чаек айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылындагы “Нур-Булак”балдар үйүнүн балдарга берилүүчү тамак аштын күндүк нормасы 80 (сексен) сомго жогорулатылсын.
2. Чаек айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бекитилген “Нур-Булак” балдар үйүнө бөлүнгөн сметага ылайык кароо жагы финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы “Нур-Булак” балдар үйүнүн башчысы З. Мурзабековага милдеттендирилсин.
4 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |