Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVII-чакырылышынын) VI-сессиясы
2016-жылдын 11-августу № 1
Келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө № 145 токтомунун негизинде, депутаттардын Чаек айылдык Кенешинин кезексизVI-сессиясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пункттарын жетекчиликке алып, Чаек айылдык Кенеши талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жумгал районунун Чаек айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал райондук мамлекеттик бөлүмү менен Жумгал районунун Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.
2. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга, кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Бозбалаев |