Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVII-чакырылышынын) VI-сессиясы
2016-жылдын 16-августу № 2
Чаек айыл аймагына тиешелүү “Донуз” участогунан “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү боюнча убактылуу жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү депутаттардын статусу жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин13,60,61 беренелеринин жана Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн 12.04.2006-жылдагы №261 Кыргыз Республикасынын токтому менен бекитилген “Жер казынасын пайдаланууга жер участогун берүү жөнүндө” жобону жана Кыргыз Республикасынын 09.08.2012-ж №160 .КР. 24.05.2014-ж №77 мыйзамынын гл.5.ст.39 негизинде, Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Чаек айыл аймагынын чегиндеги “Дощуз” участогуна “Бурана Плюс” Жоопкерчилиги чектелген коомуна Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин 26.10.2011-жылдагы 3057-СР геологиялык изилдөөгө берилген лицензиянын жана №1 лицензиялык макулдашуунун негизинде 149-га жер участогу төмөндөгү бурчтук точка кардинаттарынын чегинде геологиялык изилдөө жумуштарын жүргүзүү үчүн 31.12.2017-жылга чейин убактылуу пайдаланууга жер участогу болүнүп берилсин.
№точек | Х | Ү | №№точек | Х | Ү |
1 | 4617290 | 13470620 | 4 | 4618600 | 13472840 |
2 | 4617680 | 13470470 | 5 | 4617220 | 13471120 |
3 | 4618580 | 13471570 |
|
|
|
2. Бул токтомдун аткарылышын Чаек жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын орун басары Ж.Нураковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |