Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVII-чакырылышынын) IX -сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 1
КР айлана чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо башкармалыгынын долбоорунун негизинде таштандыларды чыгаруучу автоунаа алууга акча каражатын бөлүү үчүн, 2016-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Чаек айыл аймагындагы таштандыларды чыгаруучу автоунаа алууга акча каражатын бөлүү үчүн, 2016-жылдын бекитилген бюджетине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагынын сметасындагы каралган суу акы толоо 22311100 статьясынан 350 000 (үч жүз элүү мин) сом акча каражаты алынып, машиналар жана камсыз кылуулар статьясынын 31121290 башка транспорт каражаттарын алуу статьясына, таштандыларды чыгаруучу автоунаа сатып алуу үчүн которулсун.
1). ЖКХ суу суу акы төлөм) - 22311100 ст- 67,6 сом.
2). Бала бакчадан - 2231100 ст- 84,5 сом
3) Орто мектебинен - 2231100 ст 197, 9 сом
АУП- БААРЫө 350,0 сом
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү-мекемесинин башчысы О. Жунушалиевге жүктөлсүн.
Төрага | З. Бозбалаев |