Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXVII-чакырылышынын) IX -сессиясы
2016-жылдын 21-октябры № 4
Чаек айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган 19.03.2015-жылдагы № 4 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
“Калык Акиев ” атындагы Жумгал музыкалуу драма театрынын директору Абдыкеримова Аиданын Чаек айылдык кеңешинин 19.03.2015-жылдагы № 4 токтомун жокко чыгарып берүү жөнүндөгү 21.10.2016-жылдагы №377 арызын кароо жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган 19.03.2015-жылдагы № 4 токтому КР “Жер кодексинин” 62-беренесинин 4-бөлүмүнүн талабына жана “Калык Акиев ” атындагы Жумгал музыкалуу драма театрынын директору Абдыкеримова Аиданын 21.10.2016-жылдагы №377 арызы боюнча өз ыктыяры менен баш тарткандыгын эске алуу менен Чаек айылдык кенеши тарабынан кабыл алынган 19.03.2015-жылдагы №4 токтому жокко чыгарылып “Калык Акиев” атындагы Жумгал музыкалуу драм театрына берилген 926м2, жер аянты муниципиалдык менчигине кайтарылсын.
2. Жокко чыгарылган Чаек айылдык Кенеши тарабынан кабыл алынган 19.03.2015-жылдагы № 4 токтомдун түп нускалары арыз ээсинен алынсын. Арыз ээсине жокко чыгарылган токтом туурасында билдирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы О. Жунушалиевге милдеттендирилсин.
Төрага | У.Бозболаев |