Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/1
Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, Каракол шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин кабинетин ремонттоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мамлекеттик нотариусу М.М.Данияровдун, 2016-жылдын 27-июнундагы, кир.№01-7/298 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү, Каракол шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңсесине, 45 860 (кырк беш миң сегиз жүз алтымыш) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарынын мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин кабинетин ремонттоо үчүн, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, түзүлгөн сметага ылайык бөлүп берсин (тиркелет).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Р.Хуровага) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |