Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/3
1916-жылдагы элдик үркүндүн 100 жылдыгына арналган, мемориалдык комплексти куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2016-жылдын 11-июлундагы №01-7/354 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын мэриясы, "Жеңиш" паркынын Дүйшеев атн.көчөсүндөгү, дарбазанын кире беришинин батыш тарабынан, 1916-жылдагы элдик үркүндүн 100 жылдыгына арналган, мемориалдык комплексти куруу үчүн, 256м2 жер тилкесин бөлүп берсин.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси менен бирдикте, бөлүнгөн жер тилкесин тез арада тариздөөнү камсыз кылсын.
3. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, курулуш учурунда, КЧжЭин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |