Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/3-1
Каракол шаардык муниципалдык жүргүнчүлөрдү ташуу автобазасынын иши жөнүндө
КМЖАнын директору И.Шаршекеевдин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Ишембиевдин маалыматын, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси берген материалдарды угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КМЖАнын администрациясы төмөнкүлөрдү толук көлөмдө аткарбагандыгы белгиленсин:
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2014-жылдын 24-июнундагы №26-24/7 токтомунун, Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсине, ар бир айдоочунун линияга чыккандыгы үчүн, чегерилүүчү акча каражаттын өлчөмүн, 50 сомдон 70 сомго чейин көтөрүү жөнүндөгү №3-пунктун;
2. КМЖАнын администрациясы, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төмөнкү сунуштарын аткарган жок:
микроавтобустардын жүрүүсүнүн схемаларын, аларды автовокзалга байлоо менен иштеп чыгуу жөнүндөгү;
Торгоев атн.көчөдөгү кыймылды азайтуу максатында, айрым маршруттарды Ысыккульская, Жамансариев атн.көчөлөрүнө өткөрүү жөнүндөгү;
маршруткалардын иштөө убактыларын жайкы мезгилде саат 21:00 чейин, кыш мезгилинде саат 19:00 чейин узартуу жөнүндөгү;
маршруткаларга айдоочу жөнүндө жана маршруттун жүрүү схемасын илдирүү жөнүндөгү;
3. КМЖАнын администрациясы тарабынан тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөндүктөн төмөндөгүлөргө жол берилгендиги белгиленсин:
айдоочулар жүрүү графиктерин аткарбайт;
айдоочулар жол тозгон окуучуларды алышпайт;
4. Каракол-Пристань-Пржевальск маршрутундагы айдоочулар бир нече жолу өзү билемдик менен тарифти 15 сомдон 20 сомго чейин көтөрүшкөн;
Каракол шаарынын мэриясы,
9 айдын жыйынтыгы боюнча, КМЖАнын директорунун иши жөнүндө сунуштарды, Каракол шаардык депутаттар Кеңешине берсин;
5. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине жаңы кирешелердин түшүүсүн камсыз кылуу максатында, КМЖАнын уюштуруусун кайрадан түзүп, жүргүнчүлөрдү ташуу
жөнүндөгү Жобону кайрадан иштеп чыгып,Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна долбоорун киргизсин.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |