Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/5
Карасаев атн.көчөнүн баш жагынын жогорку тарабында жайгашкан, жаңы конуштун бир көчөсүнө Василий Верещагиндин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Каракол шаарындагы №6 МАКӨБдүн жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин 2016-жылдын 14-июнундагы кир.№01-7/282 катын, Карасаев атн.көчөсүнүн өйдө жак тарабындагы жаңы конушта жашаган шаар тургундарынын арызын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 26-майындагы корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карасаев атн.көчөнүн баш жагынын жогорку тарабында жайгашкан, жаңы конуштун бир көчөсүнө, Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, эмгектин ардагери, акын - Василий Верещагиндин ысымы ыйгарылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, көчөнүн аты жазылган табличкаларды даярдоону жана Василий Верещагиндин атн.көчөнүн бурчтагы үйлөрүнө тактырууну камсыз кылсын.
3. Василий Верещагиндин туугандары көчөнү абаттоого, жашылдандырууга мүмкүн болушунча жардам беришсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |