Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/6
Каракол шаарынын мектептерин жана бала-бакчаларын жылытууда, 2015-2016-ж.ж.жылытуу сезонунда үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Каракол шаарынын вице-мэринин м.а. А.К.Джумабекованын маалыматын угуп жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын кеңейтилген отурумунун жана экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын, 2015-2016ж.ж.жылытуу сезонунда үнөмдөлгөн акча каражатын, мектеп жана бала-бакчалардын жарым-жартылай ремонтоо үчүн, акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү корутундуларын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнө, 1 649 278 (бир миллион алты жүз кырк тогуз миң эки жүз жетимиш сегиз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2015-2016-ж.жылытуу сезонунда үнөмдөлгөн акча каражаттан төмөнкүдөй бөлүп берсин:
№7 бала-бакчанын дубалын курууга - 86 400 сом;
№3 бала-бакчанын сантехникасын алмаштыруу жана орнотууга - 559 276 сом;
№12 бала-бакчанын дааратканасын ремонттоого - 83 360 сом;
№14 бала-бакчасына эки өрттүк тепкичтерди курууга – 84 750 сом;
№1 бала-бакчанын жылытуу системасынын ремонтуна – 343 992 сом;
№11 бала-бакчага жууркан-төшөктөрдү кошумча алууга – 100 000 сом;
№4 бала-бакчанын кампасынын курулушун бүтүрүүгө – 40 000 сом;
№4 мектептин ашканасынын ремонтуна - 352 000 сом;
2. Каракол шаарынын мэриясы, шаардык билим берүү бөлүмү менен бирдикте, окуу жылынын башталышына чейин, бөлүнгөн акча каражаттарды өздөштүрсүн.
3. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), №2, №7, №9 мектептерине жылуулук энергиясынын эсептегичтерин сатып алып, орнотуу үчүн акча каражаттарды таап,тендер өткөрсүн.
4. Каракол шаарынын мэриясына 2016-2017-ж.ж.жылытуу мезгилине чейин сунуш кылынсын:
№1 инновациялык мектеп-гимназиясын электр жылытуусуна өткөрүү;
кайрадан 2016-2017-ж.жылытуу сезонуна, 3 тараптуу келишимдерди (мэрия, мектептер, жылуулук берүүчү ишканалар) түзүү: №6, №15 орто мектептер, №2, №3, №4 мектеп гимназиялар.
5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Г.Р.Хурова), билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана социалдык маселелер боюнча (А.Исламова) туруктуу комиссияларына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |