Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июлу № 27-8/7
Каракол ШИИБнин ЖЖИсинин кабинетин ремонттоого, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2016-жылдын 15-июлундагы кир.№01-7/376 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын VIII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын ИИБне, жергиликтүү бюджеттин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, 36 000 (отуз алты миң) сом акча каражатын, Каракол ШИИБнин ЖЖИнин кабинетин ремонттоо үчүн, сметага ылайык, бөлүп берсин (тиркелет).
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Р.Хурова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |