Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-март № 27-14/5
Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2018-19 жылдарга болжол жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, «Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2018-19 жылдарга болжол жөнүндө» докладын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин сессиясы, Каракол шаарынын мэриясы жана Каракол шаардык депутаттар Кеңеши тарабынан, Каракол шаарынын 2017-жылга карата бюджетти түзүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. 2017-жылга бюджеттин долбоорун түзүү процессинде, анын негизи катары, Кыргыз Республикасынын каржы Министрлигинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган көрсөткүчтөрү, шаардын социалдык-маданий мекемелеринин ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн керектеле турган бюджеттик каражаттардын эсептери эске алынгандыгы белгиленет.
Каракол шаарынын 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун талкуулоодо, баардык чарба жүргүзгөн субъектерге, каржы жана салык органдарына төмөнкү милдеттер коюлган: индикативдүү планды аткаруу, өнөр-жай өндүрүшүнүн өсүү темптерин жогорулатуу, жергиликтүү бюджетти сапаттуу аткаруу.
2017-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун баардык органдары үчүн башкы милдет катары, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен, каржылык-экономикалык абалды жакшыртуу. Ошону менен бирге, бюджеттик саясаттын негизги багыты болуп, бюджеттин абалын турукташтыруу, анын таңсыктыгын, кирешелерди максималдуу түрдө мобилизациялоо аркылуу төмөндөтүү, чектелген каржы булактарын рационалдуу бөлүштүрүү, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин туруктуу комиссияларынын сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI I чакырылышынын XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын, 2017-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча, №1 тиркемеге ылайык, 186533,5 миң сом суммасында бекитилсин.
2. Кирешелер салыгынын жана сатык салыгынын чегерүү ченемдери, №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мамлекеттик салык кызматынын Каракол шаары боюнча башкармалыгы жана Каракол шаарынын мэриясынын ММБДси, Каракол шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн планынын аткарылышын камсыз кылышсын.
4. Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин карамагындагы мекемелердин кызматкерлеринин акы төлөө фонду, №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Бюджеттик уюмдардын жана мекемелердин 2017-жылга чыгымдарынын пландарынын көлөмдөрү, №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. 2018-жылга кирешелер жана чыгашалар боюнча болжол, 192096,8 миң сом суммасында, 2019-жылга 201461,8 миң сом суммасында жактырылсын. 2018-2019-жылдарга карата жактырылган болжол, кабыл алуунун ар бир конкреттүү учурунда, тактоого тиешелүү. 2016-жылдагы жергиликтүү бюджеттен каржыланбай калган чыгымдарды, 2017-жылдын бюджетинде каралган ассигнованиелердин чегинде жана биринчи кезекте, айлык акыларга, социалдык фондго чегерүүлөргө, тамактандырууга, коммуналдык кызматтарга жүргүзүлсүн.
7. Каракол шаарынын мэриясы, жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн сапаттуу аткаруу боюнча чараларды көрсүн жана 2017-жылы шаардык бюджеттин чыгымдарын каржылоону, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акылар, социалдык фондго чегерүүлөр, тамактануу, жеңилдетилген категориядагы атуулдарга төлөмдөр, коммуналдык кызматтарга) жүргүзсүн.
8. Бюджеттик мекемелердин коммуналдык кызматтарына кошумча акча каражаттар, болгон чыгашалар боюнча бөлүнүп берилсин.
9. Казына аркылуу өткөрбөстөн атайын каражаттарды пайдаланууга тыйуу салынсын. Бул тартип бузулса, атайы каражаттардын 100% бюджетке кириштелет.
10. Жергиликтүү бюджеттинин жүгүрүүчү кассадагы накталай каражаттардын көлөмү, 100,0 миң сом суммасында бекитилсин.
11. Каракол шаарынын мэриясынын резервдик фондусунун көлөмү 1700,0 миң сом суммасында бекитилсин.
12. Дем берүүчү гранттарды каржылоо үчүн каралган акча каражаттар, 8110,0 миң сом суммасында бекитилсин жана бөлүнүп берилсин.
13. Кыргыз Республикасынын "Маданият жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык, маданият мекемелеринин кызматкерлерине, жылдык 25% өлчөмүндөгү кошумча төлөм бекитилсин.
14. Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин штаттык сыраттамасы, 11 бирдик менен, айлык акылар фондусунун көбөйүшү менен бекитилсин.
15. К.Карасаев атн.мемориалдык музейге штаттык сыраттамасы, 4 бирдик менен, айлык акылар фондусунун көбөйүшү менен бекитилсин.
16. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2012-жылдын 6-июнундагы №26-5/3 "Каракол шаарынын 2012-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2013-14 жылдарга болжол жөнүндөгү» токтомуна ылайык, иш күнү ченемделбегенин, майрам күндөрүндө иштегендиктерин эске алуу менен, төмөнкү мекемелердин кызматкерлерине, жылыга айлыктарына 50% кошумча каралсын:
17. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты;
18. Каракол шаарынын мэриясынын аппараты;
19. Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин аппараты;
20. Пристань-Пржевальск поселкалык башкармалыктын аппараты;
21. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
22. Токтом ММКларда жарыялансын.
23. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |