Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-март № 27-14/1
Каракол шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана 2016-жылга такталган планды бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2017-жылдын 27-февралындагы, кир.№01-10/70, «Каракол шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетине киргизилген өзгөртүүлөрдү жана 2016-жылга такталган планды бекитүү жөнүндөгү» отчетун карап жана талкуулап, Каракол шаарынын 2016-жылга карата жергиликтүү бюджети 207199,2 миң сом менен бекитилгенин, аткаруу процессинде, кирешелердин түшүү планы өзгөртүлгөндүгүн, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктан акча каражаттар бөлүнгөндүгүн, Республикалык бюджеттен акча каражаттар берилдендигин, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын 2016-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча отчет, кирешелер боюнча – 203309,9 миң сом суммасында, чыгаша боюнча – 203035,1 миң сом суммасында, профицит менен 274,8 миң сом суммасында бекитилсин (№1 тиркемеге ылайык).
2. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), бюджеттик мекемелердин чыгаша сметаларына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. 2016-жылдагы Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча такталган планы, 205049,1 миң сом суммасында бекитилсин (№2 тиркемеге ылайык).
4. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, каржы, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |