Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-март № 27-14/2
Каракол шаарында катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү жөнүндө
КСТжЖЧКК директорунун м.а. А.Ж.Абдыкеевдин, 2016-жылдын 16-декабрындагы кир.№01-7/634, күйүүчү-майлоочу майлардын баалары жогорулагандыгына байланыштуу, катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча тарифтерди көтөрүү керектиги жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаарынын санитардык-экологиялык абалын жакшыртуу максатында, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясы корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин:
а) калк үчүн;
- абатталган үйлөрдө жашагандарга – бир айга бир кишиге 21 сом;
- абатталбаган үйлөрдө жашагандарга – бир айга бир кишиге 25 сом;
б) ишкана, мекеме жана уюмдар үчүн:
- 284 сом өлчөмүндө;
- контейнери бар (сыйымдуулугу 0,75куб.м)кардарлар үчүн – 268 сом өлчөмүндө;
- төлөмдөргө талондор менен жүргүзгөн кардарлар үчүн – 1м3 ге – 73 сом;
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2010-жылдын 4-июнундагы №25-29/5 "Каракол шаарында катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандырууга тарифтерди бекитүү жөнүндөгү" токтому жокко чыгарылсын.
3. КСТжЖЧККнин администрациясы, шаардын калкынан жана чарба жүргүзүүчү субъекттерден, катуу тиричилик таштандыларды чыгаруу жана зыянсыздандыруу боюнча көрсөткөн кызматы үчүн, каражаттардын толук жыйналышын, шаардын аймагынан таштандыларды өз убагында, сапаттуу чыгарылышын жана зыянсыздандырылышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына (К.А.Ишембиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |