Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 27-14/3
Жыгач материалдарга тарифтерди көтөрүү жөнүндө (иштетилүүчү жыгач жана отун)
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовдун, 2017-жылдын 16-январындагы, кир.№01-7/15, "Жашылдандыруу чарбасы" МИнин директору У.Д.Ишембаевдин, 2017-жылдын, 10-январындагы, чыг.№01-5 каттарын карап жана талкуулап, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоо максатында, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгач материалдарга (иштетилүүчү жыгач жана отун) тарифтер төмөнкүдөй бекитилсин:
-отун – 1м 3 1200 (бир миң эки жүз) сом;
-иштетилүүчү жыгач - 1м 3 3500 (үч миң беш жүз) сом;
2. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин 2012-жылдын 28-сентябрындагы №26-7/13 "Жыгач материалдарга (иштетилүүчү жыгач жана отун) тарифтерди көтөрүү жөнүндөгү" токтому жокко чыгарылсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |