Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-март№ 27-14/4
Т.Сыдыкбеков атн.көчө, үй №29а дарегиндеги жер тилкесине, мечит курууга уруксат берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси С.Ж.Кубатовдун, 2017-жылдын 17-февралындагы, кир.№01-7/106 катын карап жана талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XIV сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын тургуну Э.Асакеевге, Ысык-Көл областынын казыяты жана кошуналардын макулдугу менен, ага таандык, Т.Сыдыкбеков атн.көчө, үй №29а дарегинде жайгашкан жер тилкесине мечит курууга уруксат берилсин.
2. Демилгелүү топ, мечит жайгашкан кварталды абаттоо, жашылдандыруу, жарыктандыруу боюнча алган милдеттемелерин өз убагында аткарсын.
3. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
-бул токтомду аткарууда, көрсөтүлгөн объектти максатту пайдалануу жагын кыйшаюусуз камсыз кылсын;
4. Куруучу, КЧжЭге ылайык, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактасын.
5. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтом ММКларда жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (М.Ө.Сагымбаев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | А. Рахманкулов |