Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-январы № 1
Савай айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдында башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 30-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Савай айылдык Кеңешинин регламентин Кыргыз Республикасынын Юстиция башкармалыганан башынан каттатуу жагы Савай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Абдуллаевге жүктөлсүн.
3. Тийиштүү акча каражаттарын бөлүп берүү жагы Савай айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Айылдык Кеңештин регламенти тиркелет- 11 баракта.
Төрага | С.Сыдыков |
| «БЕКИТИЛДИ» Савай айылдык Кенешинин 2017 –жылдын 9-январындагы №___ Токтому |
Кыргыз Республикасынын жергиликтуу оз алдынча
башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин
директорунун 2008-жылдын 29-сентябрындагы
№ 04/24/63 буйругу менен бекитилген
Савай айылдык округтук айылдык Кенешинин типтуу
РЕГЛАМЕНТИ
1. Жалпы Жобо
2. Айылдык Кенештин ыйгарым укуктары
3. Айылдык Кенештин сессиясы
4. Айылдык Кенештин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
5. Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
6. Айылдык Кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
7. Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
8. Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
9. Айылдык Кенештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
10. Айылдык Кенештин ченемдик укуктук актылары
11. Айылдык Кенештин төрагасы
12. Айылдык Кенештин төрагасынын орун басары
13. Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы.
14. Регламентти бекитүү өзгөртүү толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
15. Айылдык Кенештин ыйгарым укуктарынын токтолушу
1.Жалпы Жобо
1.1. Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Савай айылдык округунун айылдык Кенеши (мындан ары- айылдык кенеш)- Савай айылдык округунун айылдык кенештин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кенеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айылдык кенештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.
1.3. Депутаттын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт.
1) айыл өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын;
2) айылдык кенештин жооптуу катчысынын;
3) айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкерлеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутатынын;
5) Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын;
1.4. Айылдык Кеңештин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн жылдын 9- январына карата абал боюнча Савай айылдык округунун администрациялык- аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча
31 депутаттан турат.
1.5. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтолушу мүмкүн;
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого күчөп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөндөмсүз же жөндөмү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөлүү себептерсиз торттон ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттук айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда;
1.7. Айылдык кенештин депутаты кенештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айылдык кенеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү анын жубайы, ата- энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш синдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынч башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
1.8. Айылдык кенеш өз милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламенте белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кенештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
1.9.Айылдык кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда айылдык кенештин чечимдерин жокко чыгаруу кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10. Айылдык кенештин жергиликтүү мамлкеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кенешке жана жергиликтүү мамлкеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айылдык кенештин компетенциясынакирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Айылдык Кенеш жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айылдык кенеш сессиясынын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитететтердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айылдык кенеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11. Айылдык кенеш өзүнүн иши, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзүлөт.
1.12. Айылдык кенештин регламенти айылдык кенештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
2. Айылдык Кенештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кенеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерге ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын кантролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө
отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8)жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9)тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык- аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10)кенештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама- каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11)кенештин регламентин кабыл алуу;
12)өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13)өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14)муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15)алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун , ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16)иригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17)жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2.Айылдык кенештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет;
1)айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2)ушул Мыйзамда белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3)тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин балдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4)айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3.Айылдык Кенештин сессиясы
3.1 Айылдык кенештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укутук формасы болуп эсептелет.
3.2 Айылдык кенештин сессиясы кенештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. Айылдык кенеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаны шайланган айылдык кенештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кенештин төрагасы тарабынан айылдык кенештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырылат. Айылдык кенештин биринчи сессиясын айылдык кенештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4. Айылдык кенештин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу айылдык Кенештин депутататтарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5. Айылдык кенештин сессиялары коомчулук үчүн ачык.Ар бир жаран айылдык кенеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар. Айылдык кенеш, эгерде каралуучу маселелер мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айылдык кенеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча баардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн баардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.6.Кенештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу 3 күндөн кечиктирбей кенештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору кенештин депутаттарына 2 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.7.Кенештин кезексиз сессиясы Кенештин төрагасы, Кенештин туруктуу комиссиялары же Кенештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
3.8. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кенештин төрагасына берилет.
3.9.Иш-план боюнча Кенештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт.Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.10.Кенештин чечими менен Кенештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана алардын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
3.11.Кезектеги сессиянын күн тартибиндеги сунушталган маселелер боюнча материалдар (чечимдердин долбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) сессия болгонго чейин үч күндөн кечиктирилбей кенештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилиши керек.
4. Айылдык Кенештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
4.1.Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарына өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
4.2. Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3.Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
4.4.Айылдык Кенештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар жана башка органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5.Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
4.6. Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
4.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого ( орой мамиле жасоого, аброюна шек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
5.Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
5.1. Айылдык Кенештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнүуюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
5.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт(төрагасын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенинин, добуштарды берүү яңигин жана бөлмөлөрдүжабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
5.3. Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз- өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоого милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
5.4. Айылдык Кенештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
5.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6. Ар бир кандидатуралар боюнча « Колдогону», «Каршы» болгону жана «бузулган» бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессида бекитилет.
5.7. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.8. Сессияга катышкан депутаттардын эн көп добушуна ээ болгон талапкер Айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
6. Айылдык Кенештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары.
6.1. Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кенеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар түзүлөт.
6.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби, Айылдык Кенеш тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдүкиргизе алат.
6.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айылдык Кенештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын курамына кенештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
6.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
6.5. Туруктуу комиссиянын жана кенештин төрагасынын сунушу боюнча айылдык кенеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кенеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча,ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7. Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.8. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
6.9. Айылдык кенештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкануюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7. Айылдык Кенешитин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары.
7.1.Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары:
1)кенештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2) айылдык аймактык социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чындоо боюнча кенештерге сунуштарды киргизет.
3) өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын-ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.
4) айылдык кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин аткарылышынын сакталышына контролду ишке ашырат.
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кенештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7.2. Айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин адистерин угууга укуктуу.
8. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары.
8.1. Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комисссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
8.2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кенеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
8.3. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча ошондой эле айылдык кенештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
8.4. Туруктуу комиссиялардын баардык мүчөлөрү бирдей укуктан пайдаланышат.
9. Айылдык кенештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу.
9.1. Айылдык Кенештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
9.2. Айылдык кенешинин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10. Айылдык кенештин ченемдик укуктук актылары.
10.1.Айылдык кенештин карамагына таандык маселелери боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айылдык кенештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кенештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
10.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айылдык кенештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
10.3. Айылдык кенештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.
10.4. Айылдык кенештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
11. Айылдык Кенештин төрагасы.
11.1. Айылдык кенештин төрагасы кенештин сессиясында айылдык кенештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
11.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кенештин депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кенештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мумкун.
11.3. Айылдык кенештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
11.4. Айылдык кенетин төрагасы:
1) Айылдык кенетин сессиясына чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) Айылдык кенештин чечимдерине кол коют.
4) Айылдык кенеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11.5. Айылдык кенештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
12. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары.
12.1. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары сессияда айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
12.2.Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгүболбогон учурда анын ордуна иштейт.
12.3.Айылдык кенетин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айылдык кенештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
12.4. Айылдык кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөөгө ашырат.
13. Кеңештин жооптуу катчысы.
13.1 Айылдык Кенештин катчысынын милдетин айылдык Округдун жооптуу катчысы аткарат.
13.2. Кенештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштуу маалыматтар менен камсыз кылат.
13.3. Айылдык Округдун катчысы айылдык Кенешинин сессиянын протоколун жургузот. Кенештин иш планынын аткарылышын камсыз кылат.
13.4. Жарандардын айылдык Кенешке кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелуу чара коруу менен жооп берет.
13.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин координациялайт.
13.6. Кенештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышына жооптуу.
13.7. Кенешке тушкон документтердин эсебин жургузот.
13.8. Кенештин сессиясын материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
13.9. Депутаттарды, мекеме-ишканалардын жетекчилерин, коомдук оз алдынча башкаруу уюмдарынын окулдору жана башка тиешелуу адамдарды сессияга катышууга чакырат.
13.10. Сессияга депутаттардын катышуусунун эсебин жургузот.
13.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоорун даярдайт, кабыл алынган токтомдорду таратууну уюштурат жана башка функцияларды аткарат.
13.12. Айылдык Кенештин аппаратынын ишин уюштуруу менен козомолдойт жана координациялайт.
14. Регламентти бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби.
14.1. Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
14.2. Айылдык Кенештердин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин кенештин сессисында бекитүүгө коюлуп, сессияга каиышкан депутаттардын көпчүлкү добушу менен кабыл алынат.
15. Айылдык кенештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу.
15.1. Айылдык кенештердин ыйгарым укуктары айылдык кенештин жаңы курамынын түзүзлүшүнө, кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
15.2. Айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» Мыйзамдарында каралаган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Савай айылдык округунун чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген учурларында.
15.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кенештин чечими кенештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
15.4. Чек араны өзгөртпөстөн администрациялык- аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кенешти таратууга алып келбейт.Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кенешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
15.5. Айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
15.6. Айылдык кенеши мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышынын жоопкерчиликти Савай айылдык округунун айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.