Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) депутаттарынын кезектүү III сессиясы
2017-жылдын 23-январы № 6
Кен-Сай айылына жаңы конуш үчүн жер участогун ажыратып берүү жөнүндө
Савай айыл аймагындагы калктуу конуштардын аймагын кенейтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 1-июнундагы №355 токтомуна ылайык жерлерди которуу жөнүндөгү жана Савай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги 5-сессиясынын №2 токтомунда көрсөтүлгөн Савай айылындагы 2,0 га жер аянтынан Кен-Сай айылына 1,40 га жерди которуу жөнүндөгү талкуусун карап чыгып Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айылдык Кеңешинин V-чакырылышынын депутатарынын кезектеги 5- сессиясынын №2 токтомунун талкуусун карап чыгып Савай айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды кенейтүү үчүн Савай айылына 1,40 га жер аянты которулсун.
2. Тийиштүү иш кагаздарды даярдап бүткөндөн кийин айылдарда түзүлгөн комиссия турак жай куруу үчүн жер аянтын бөлүштүрүп берүү үчүн тизмелерин даярдоо жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдарда түзүлгөн комиссияга мыйзам чегинде жер тилкелерине тийиштүү иш кагаздарын тактап берүү жагы милдеттендирилсин.
Төрага | С.Сыдыков |