Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) депутаттарынын кезектүү VI сессиясы
2017-жылдын 23-январы № 8
“Савай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата каралган бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү атайын каражаттар менен кошуп 23054,4 мин сом өлчөмүндө алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышын толук камсыз кылуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу жана ай сайын коюлган пландарды аткарууга жетишүү жагы айыл өкмөтүнүн салык инспекциясына жана ФЭБ нө милдеттендирилсин. Башкаруу аппаратынын кызматкерлери 36, анын ичинен ФЭБ башчысы 1, айыл башчылары 8, вус инспектору 4, башкы адис 6, жетектөөчү адис 6 жана адис-4, тейлөө кызматкерлери 4 штат бирдиги, өлчөмүндө бекитилсин. Келишим менен иштеген кызматкерлерге КР өкмөтүнүн токтому №384 08.07.2013-жылдагы мыйзамы менен эмгек акы төлөнүп берилсин.
3. Савай айыл өкмотүнүн аппарат кызматкерлерине жылдын жыйынтыгы менен профсоюздук чогулуштун чечими менен функционалдык милдетин жакшы аткарган кызматкерлерге бир айлык эмгек акы өлчөмүндө сыйлансын.
4. Савай айыл окмотунун резервдик фондуна 207,2 мин сом болунсун.
5. Савай айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгү сметанын негизинде 2017-жылга түшкөн кирешелердин чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон статьяларга (эмгек акы, соц.фонд, дары дармек, тамак ашка чегерүү) каржылануусу менен белгиленсин.
6. Жыл ичиндеги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө киргизиле турган кошумчалар жана толуктоолор бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен жүргүзүлсүн..
7. Савай айыл өкмөтүнүн бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 6 айдын жыйынтыгы менен Савай айылдык Кенешинин сессиясында каралсын.
8. Савай айыл өкмөтүнүн 2016-жылы жумшалбай калган акча каражаты 3039,8 мин сомго жана атайын каражаттан калган 17,5 мин сомго кошумча смета тузулуп ошол сметанын негизинде акча каражаты жумшалсын.
9 .Савай айыл өкмөтүнүн 2017-2019-жылдарга карата түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу бекитилсин (тиркеме тиркелет).
10. Савай айыл өкмөтүнүн кассада акча жүгүртүүсү 80 000 сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы эканомика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Сыдыков |