Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) депутаттарынын кезектүү VI сессиясы
2017-жылдын 06-июну № 11
«Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча төлөө тарифин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 16 – беренесинин негизинде Савай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча ИСКАКБларды биргелешкен жалпы жыйында кабыл алынган төлөө тарифин ар бир айылдын шартына ылайык төмөндөгүдөй бекитилсин.
№ | Ар бир кожолукка | төлөнүүчү акы, сом |
| Короодогу суу түтүгүнөнө суу ичүүчүлөргө | 150-00 |
| Көчөдөгү суу түтүгүнөнө суу ичүүчүлөргө | 100-00 |
2.Суу пайдалануучулар үй ичинде ичүүчү суу түтүгү барлар 150 сомдон, көчөдөн ташып ичкендер 100 сом ар бир кожолукка төлөө тарифи бекитилсин.
3.Бекитилген төлөө тарифтери боюнча иш алып баруу жагы ИСКАКБ башчыларына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык Кенешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С.Сыдыков |