Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык Кеңешинин (VI шайланган) депутаттарынын кезектүү IV сессиясы
2017-жылдын 06-июну № 13
Савай айыл өкмөтүнө караштуу Кескен-Жар айылынын борбордук чоң көчөсүнө Кыргыз ССРнин эмгекчилер депутаттарынын Кара-Суу райондук советинин депутаты Нарматова Алиманын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Савай айылдык Кеңеши Кескен-Жар айылынын тургуну Абдурахманов Дилмураттын арызын жана 2016-жылдын 5-июлундагы чогулушунун отурумун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-июлундагы №159-токтомуна ылайык Савай айылдык Кеёеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кескен-Жар айылынын тургуну Кыргыз ССРнин эмгекчилер депутаттарынын Кара-Суу райондук советинин депутаты Нарматова Алиманын ысымы өзү жашап өткөн айылдын көчөсүнө ыйгарылсын.
Төрага | С.Сыдыков |