Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-февралы № 99
«Маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эл артисти Шатенов Алтынбек Касымбековичтин атын ыйгаруу жөнүндө»
Ысык - Көл областтык драм театрынын « Григорьевка айылынын маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эл артисти Шатенов Алтынбек Касымбековичтин атын ыйгаруу жөнүндө» кайрылуусунун негизинде айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Григорьевка айылынын Маданият үйүнө Кыргыз Республикасынын эл артисти Шатенова Алтынбек Касымбековичтин аты ыйгарылсын.
2. Ысык-Көл областтык драм театрына А. Шатенов атындагы музей жана кружокторду ачуу жагы тапшырылсын.
3. Сценаны декорациялоого, маданият үйүн костюмдар менен камсыздоого жардам көрсөтүү жагы драм театрга тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Д. Шатеновго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | П.Жук |