Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясы
2015-жылдын 24-февралы № I-4
Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылы жасаган иштери жана 2015-жылга жайыт акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылы жасаган иштери Жана жайыт комитетинин 2015-жылга бюджети боюнча жайыт комитетинин төрагасы Чалаказак уулу Качкынбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин 2014-жылы жасаган иштери жактырылсын;
2. Таш-Дөбө айыл аймагы боюнча 2015-жылга жайыт акылар төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө бекитилсин:
1 баш жылкыга 1 жылга 77 (жетимиш жети) сом;
1 баш тайга 1 жылга 54 (элүүтөрт) сом;
1 баш уй, топозго 1 жылга 77 (жетимиш жети) сом;
1 баш торпокко 1 жылга 54 (элүүтөрт) сом;
1 баш кой-эчкиге 1 жылга 15 (он беш) сом
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп jumgal kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылууну жайыт комитетинин төрагасы Чалаказак уулу Качкынбекке милдетендирилсин.
Төрага | Сейдикалыкова Ж. |