Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы
2015-жылдын 21-апрели № III-I
2014-жылдын 15-декабрындагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектүү IV сессиясынын № IV-1 токтомуна өзгөртүү, толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 17-октябрындагы «Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин ишке киргизүү» № 231 мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Таш-Дөбө айылынын административдик аймагында Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинде» көрсөтүлгөн жергиликтүү салыктарды сактап калуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айылдык Кеңешинин 2014-жылдын 15-декабрындагы токтому күчүн жоготту деп табылсын.
2015-жылдын 1-январынан баштап Таш-Дөбө айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилсин;
-Айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы, калк конуштарын жерлерин жана айыл чарба багытына арналган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы;
-1.2.3.4. тайпадагы мүлк обүектилеринин мүлк салыгы.
-Кз-зоналык коэффиценти 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын «Салык Кодексинин» негизинде жүргүзүлсүн.
4. Бул токтом каттоого алынсын жана мамлекеттик укуктук актылардын реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом 2015-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Түгөлбек уулу Аманбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Сейдикалыкова Ж. |