Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясы
2016-жылдын 21-апрели № I-I
Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу Таш-Дөбө айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик үйүнө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчү бала бакча уюштуруу жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынында бала бакча жоктугуна байланыштуу кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчүбала бакча уюштуруу жөнүндөбош менчик үйүнө,айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын кайрылуусун карап жана Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин депутаттарынын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасыгнын Өкмөтүнүн 2-декабрь 2015-жылдагы № 816 «Кыргыз Республикасыгнын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-сентябрындагы № 404 «Билим берүү мекемелеринин болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтомун жетекчиликке алыпТаш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айыл аймагындагы айыл тургуну Балтакунова Гульнара Амангелдьыевнанын менчик бош үйүндө кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчүбала бакча уюштурулсун.
2. Кыска мөөнөттүү 3 саатык мектепке чейинки билим берүүчүбала бакча ачуу жагы Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,jumgal kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгөалуу жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К. Мойноковго милдеттенирилсин.
Төрага | Сейдикалыкова Ж. |