Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 21-майы № I-3
Таш-Дөбө айылында таштанды төгө турган жайды аныктоо жөнүндө
Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковдун айылга санкцияланган таштанды төгө турган жайды аныктап берүү үчүн кайрылган билдирүүсүн угуп,Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Дөбө айылында таштанды төгө турган жай болуп «Сарымсак» участкасындагы сарайдын алдындагы жардын асты ылайыкталып аныкталсын.
2. Аныкталган жерди трансформациялоо тиешелүү органдарга сунушталсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп jumgal kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага | Сейдикалыкова Ж. |