ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 28-июну № I-4
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.06.2006-жылдагы № 672 токтомунун негизинде менчик жеңил автоунааларды кызматтык шартта пайдаланууда компенсациялык төлөмдөр тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 193 беренесине ылайык менчик автоунааны кызматтык автоунаа катары пайдалануу жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы 2016-жылдын 22-январында жол кырсыгына кабылып кызматтык автоунаа жарактан такыр чыгып калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.06.2006-жылдагы № 672 токтомунун негизинде менчик жеңил автоунааларды кызматтык шартта пайдаланууда компенсациялык төлөмдөр тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 193 беренесине ылайык, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Мойноков Алтынбек Каныбекович менчик автоунаасын кызматтык автоунаа катары айдап жургөндүгүн эске алуу менен,Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.06.2006-жылдагы № 672 менчик жеңил автоунааларды кызматтык шартта пайдаланууда компенсациялык төлөмдөр тууралуутоктому аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин 193 беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасы жок болгондугуна байланыштуу Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковдун менчик АУДИ 100 S 08 96 AG автоунаасы кызматтык автоунаа катары пайдаланылсын.
3. Менчик автоунаанын ээси А.Мойноковго токтомдо көрсөтүлгөн шартта компенсация төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы К.Ибраимовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу ФЭБ башчысы К.Ибраимовго жүктөлсүн.
Төрага | Мусаев М. |