Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 26-июлу № 3-I
Келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бекитүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамдын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» № 145 токтомунун негизинде, депутаттардын Таш-Дөбө айылаймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин III кезексиз сессиясы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин 2 жана 3-пункттарын жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагында статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Жумгал райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Жумгал районунун
2. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн эки тараптуу келишими жана жетектөөчү адис статистик штат бирдиги бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, түзүлгөн келишимдин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесинин талаптарына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти каржылоого керектелүүчү финансылык каражаттарды жергиликтүү бюджетке которуп берүү жагы суралсын.
4. Жумгал районунун Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтү, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адисти кызматтык бөлмө менен камсыз кылсын.
5. Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, келишимде көрсөтүлгөн статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жетектөөчү адистин иш милдеттерин аткарууга кеткен чыгымдардын жергиликтүү бюджетке которулуусуна жана ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мойноковго милдеттендирилсин.
Төрага | Мусаев М. |