Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги II сессиясы
2016-жылдын 17-сентябры№ 3-I
Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ФАП салууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Нахла Хайрия Фондусунун алкагында кампанын жанындагы эски тегирмендин ордун кайрадан оңдоп ФАП курулмасына 0,15 сотых жер тилкесин бөлүп берүү тууралуу Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мойноковдун сунушун угуп жана эске алып, Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кампанын жанындагы эски тегирмендин ордунан 0,15 сотых жер тилкесин бөлүп берүү маселесин кароо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мойноковго жана жер комиссиясына жүктөлсүн .
2. Тиешелүү документтерин даярдап,мамлекеттик каттоого жөнөтүү жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Мойноковго тапшырылсын.
3. шул токтомдун аткарылышын камсыз кылып,көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Мойноковдон суралсын.
Төрага | Мусаев М. |