Загрузка документа…
ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Таш-Дөбө айыл аймагынын сүйүмбаев айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясы
2016-жылдын 17-сентября № 7-I
Таш-Дөбө айыл аймагында АИД-3 долбоорунун алкагында Таш-Дөбө айыл аймагында көйгөйлөрдү приоритеттештирүү боюнча конкурстук комиссиясынын чечимин бекитип берүү жөнүндө
Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясында айыл өкмөтүнүн деңгээлинде түзүлгөн конкурстук комиссиясынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы чечимин карап чыгып,Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Таш-Дөбө айыл аймагынын конкурстук комиссиясынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы чечими бекитилсин. Конкурстук комиссиясынын чечимине ылайык Таш-Дөбө айыл аймагында төмөнкү көйгөйлөр приоритеттештирилсин:
а)Таш-Дөбө орто мектебинин жылытуу системасын капиталдык ремонттон өткөрүү;
б) Таш-Дөбө айылындагы «Куу-Секи» участкасындагы көпүрөнүн курулушу;
в) Ичүүчү таза суу системасын реабилитациялоо;
г) Таш-Дөбө айылына 100 орундуу бала бакча куруу;
д) Айылдын ички жолдорун оңдоо;
е) Коомдук мончонун капиталдык ремонту.
3.Жогорудагы приоритеттүү көйгөйлөрдү айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү стратегиясына киргизүү жана донордук уюмдарга сунуштоо Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысыА. Мойноковго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Таш-Дөбө айыл аймагынын Сүйүмбаев айылдык Кеңешинин «бюджет, экономика, этика» боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Мусаев М. |