Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-июлу № 27/6
Исфана шаар мэриясынын алдында Исфана таза суу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Исфана шаар мэриясынын алдында Исфана таза суу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын алдында Исфана таза суу муниципалдык ишканасын ачууга макулдук берилсин.
2. Исфана таза суу муниципалдык ишканасынын Жобосун жана штаттык бирдиктерин бир айлык мөөнөттө иштеп чыгып сунуш берүү жагы Исфана шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |