Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-августу № 28/2
Исфана шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 14-мартындагы №10/8 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын 9-августундагы №908 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 10-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 14-мартындагы № 10/8 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |