Редакцияот 16.08.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезексиз 28-сессиясы

 

2016-жылдын 16-августу № 28/4

Исфана шаарын айланып өтүүчү жол аркылуу оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө уруксат берүү жөнүндө

Исфана шаар мэриясынын 2016-жылдын 11-августундагы №937 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исфана шаарын айланып өтүүчү жол пайдаланууга берилгенден баштап оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө уруксат берилсин.

2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Максутов