ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Исфана шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын кезектеги 29-сессиясы
2016-жылдын 27-сентябры № 29/1
Акшоола» жана «Наристе» балдар бакчаларына кошумча бирден жатак тайпа ачуу жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Акшоола» жана «Наристе» балдар бакчаларына кошумча бирден жатак тайпа ачылсын.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин билим берүү, маданият, мамлекеттик тил, каада-салт, саламаттыкты сактоо, социалдык өнүктүрүү жана экология иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |