Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 27-сентябры № 29/4
Ж. А. Кадыровду Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Исфана шаар мэриясынын Ж. А. Кадыровду Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-бөлүмүнүн 4-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ж. А. Кадыровду Исфана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин башчысы кызматына дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gomsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, башкаруу, жаштар, спорт жана депутаттык этика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Максутов |