Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезектеги XXXII сессиясы
2016-жылдын 14-июну № 8
Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешинин “Республика ” фракциясынын депутаты Чынгышев Жанарбек Сатыгулович депутаттык мандатын өткөрүп, ордуна Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен Асанова Динара Иманакуновна Нарын шаардык Кеңешинин депутаты болуп таанылгандыгына байланыштуу, Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Нарын шаардык Кеңешинин Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына “Республика” фракциясынан Асанова Динара Иманакуновна киргизилип, туруктуу комиссиянын курамы толукталсын жана бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
Төрага | Э. Турсуналиев |