Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 12-январы № 23-1
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндөгү Мирмахмудов айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын протоколун бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын, «Шайлоо комиссияларынын түзүүнү жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү», «шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү» жоболордун талаптарына ылайык Мирмахмудов аймагынын жергиликтүү тургундарынын 2016-жылдын 12-январындагы №1 протоколун айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө талапкерлерди сунуш кылган Мирмахмудов айыл аймагынын жергиликтүү тургундарынын 2016-жылдын 12-январындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Аталган Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын курамына мүчөлүккө Шамсутдинов Шухрат жана Пазылов Махамадалилерди талапкерликке сунуш кылынсын.
3. Токтомдун бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышы Мирмахмудов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |