Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-1
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2015-жылга аткарылышы тууралуу отчетун угуу Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга бекитүү жана 2017-2018-жылга болжолдуу пландарын бекитүү жөнүндө
Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2015-жылга аткарылышы тууралуу отчетун угуп, А.Мирмахмудов айыл жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга бекитүү жана 2017-2018-жылга болжолдуу пландарын көрүп иштеп чыгып, айылдык Кеңештин экономика,бюджет, соода, ишкердуулук жана социалдык маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, жаштар, саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиянын заседаниесинде көрүлдү тийиштүү мекеме уюмдардын жетекчилеринин катышуусу менен жана жазуу түрүндөгү билдирүүлөрү каралып такталгандыгын, туруктуу комиссия тарабынан киргизилген түзөтүүлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмиңистрациясы жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун 2-болугунун эске алуу менен депутаттардын Мирмахмудов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айылдык Кеңешин 2015-жылдагы бюджетинин кирешелер бөлүгү 19293,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү ‑16627,8 миң сомго аткарылгандыгы бекитилсин.
2. 2016- жылга Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин чыгаша боюнча багыттар №2 тиркемеге ылайык аныкталсын.
4. Мирмахмудов айылдык Кеңешинин бюджетинин чыгаша болугун 2016-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде ошону менен бирге биринчи кезекте негизги статьяларга (эмгек акы, соц.фондго чегерүү, тамак аш жана социалдык жеңилдиктерге) каржылануу белгиленсин.
5. Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн 2016-2018-жылга болжолдуу пландары №3,№4 тиркемелерге ылайык бекитилсин 01.01.2016-жылга карата калган калдык 4384,4 миң сом белгиленсин. Анын ичинен 4347,1 миң сому бюджеттик калдык 37,3 миң сому атайын каражаттын калдыгы бекитилсин.
6. Бекитилген Мирмахмудов айылдык окргунун бюджетин каржылануусу жөнүндө аймакты социалдык-экономика жактан өнүктүрүүнү айылдык кеңештин макулдугу жана ар ай сайын каржылануу жөнүндө маалыматы билдирүүсү эскертип кетилсин.
7. Ушул токтомдун мыйзам негизинде аткарылышын Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Гафаров жана ФЭБ башчысы Ш.Гаффаровторго тапшырылсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Мирмахмудов айылдык кеңешинин төрагасы жана А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика айыл суу чарба, жерге жайгаштыруу жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |