Загрузка документа…
МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мирмахмудов айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезексиз XXIV сессиясы
2016-жылдын 04-февралы № 24-2
Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлеринен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 токтому менен бекитилген, кайра бөлүштүрүү жерлеринин ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү жобосуна, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 27-берене 4-бөлүмүнүн жетекчиликке алып айылдык округунун аймагындагы кайра бөлүшүтүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартибин аныктоо жөнүндө
Мирмахмудов айыл аймагында 2016-жылдын 1-январына карата бардыгы болуп 424 га кайра бөлүштүрүү фонд жерлери бар.
Анын ичинен суулуу 123 га кайрак 217 га, бак 5 га, чөп чабынды 79 га.
Ошол фонд жерлер айыл округунун Кара-кой, Чапаев , Киров айылынын Уч-жыгач,Акшувак участкаларында, Арал айылынын Арал, Кара-кокту участкаларында жана Капчыгай айылында жайгашкан. Ошол кайра бөлүштүрүү фонд жерлеринен туура пайдалануу, жерлердин мелиоративдик абалын жакшыртуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйыны бекиткен кайра бөлүштүрүү фонду жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 жобосуна ылайык аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү максатында Мирмахмудов айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонд жерлери, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынында бекитилген кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жөнүндөгү 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-111 талабына ылайык ижарага берилсин.
2. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү боюнча комиссиянын составы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Комиссия 2014-жылы 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун ижара акынын 2016-жылдан киргизилген жер салыгынын базалык ставкасын жана социалдык төлөмдөрүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу өзгөртүлөр киргизилсин.
4. Айыл округунун кайра бөлүштүрүү фонд жерлерин 1-га жердин баштапкы баасы айылдар жана участкалар боюнча соц.фонд взносторун, жер салыгын жана суу акысын кошуп эсептегенде төмөнкүчө бекитилсин:
Кара-кой айылы 2000-4000сом
Чапаев айылы 7000 сом
Киров айылы Уч-жыгач участкасы 4500 сом
Киров айылынын Ак-шувак участкасы 3500 сом
Арал айылы 1500-4000 сом
Арал айылынын Кара-кокту участкасы 1500-4000 сом
Кайрак жерлер 400 сом
5. Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин аукцион өткөрүү жолу менен ижарага берүү жана бардык ижарачылар менен келишимдерди түзүү, айыл округунун фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү комиссиясына жүктөтүлсүн.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү түрүктүү комиссиясынын мүчөлөрүнө тапшырылсын.
Төрага | Н.Халбуваев |